www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеӊештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Альфия Самигуллина бүгүн, 12-июнда Аламүдүн районунун Степное айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 мекемесине барып, анда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар менен жолугушканы тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты. Маалыматта билдиргендей, алар алгач абактагы балдар үйү менен таанышып, анан энеси менен кошо жүргөн алты наристеден кабар алышты. Белгилүү болгондой, Эл аралык Кызыл крест уюмунун колдоосу менен ачылган абактагы бул балдар үйү, сегиз балалуу аялга ылайыкташтырылып, баардык шарты менен курулган.

Андан тышкары, депутаттар мекемедеги тигүү ишканасына да баш багып, андагы иш-жагдайга күбө болушту. "Келечек" мамлекеттик ишканасынын филиалы катары ачылган аталган тигүү цехинин директору Фан Мэн Гундун айтымында, камактагы аялдардын жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин жумушсуз калбашы үчүн маанилүү рол ойногон бул цехте алгач аялдарды тикмечиликке үйрөтүп, андан соӊ иштөө мүмкүнчүлүгү берилет. Ал эми иштеп тапкан каражаттары аялдардын жеке кем-каржы үчүн жумшалып, калганы алардын жеке эсебине которулат.

Ошондой эле, депутаттар абактын китепканасында, наабайканасында жана сыйынуучу жайларында да болушуп, соӊунда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар менен жолугушту. Депутат Ирина Карамушкина камактагы аялдар кылмыш кылып, жазасын тартып жатканына карабастан Кыргызстандын жараны экенин белгилеп: "Андыктан, ар бир аракетиӊерге жоопкер экениӊерди туура түшүнүү менен үйүӊөрдө күтүп жаткан жакындарыӊар жана өзүӊөрдүн мындан аркы келечегиӊер үчүн баарын кайрадан баштоого аракет кылгыла. Себеби, адамдын эӊ баалуу байлыгы - анын эркиндиги. Бирок, эркиндикти коргоо таза абийир жана мыйзамдуу жашоо менен жасалат" - деди.

Ал эми абактагы аялдар жолугушуу алкагында мунапыс, сот жараяндары жана жеке камалышына байланышкан суроолорун депутаттарга узатышып, жоопторун алышты. Мындан сырткары, депутаттар экстремизм жана терроризм менен айыпталган аялдар менен да жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Кошумчалай кетсек, аялдардын аталган абак жайында үч жүзгө жакын аял кармалып турса, алардын отуз сегизи - пенсиялык курактагылар, үчөө - жашы жете элек өспүрүм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости