www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлгөн аялын кадырлаган эркек

Уинстон Хоус менен Джанет Хауну экөө бири-бирин катуу сүйүп, баш кошушат. Жыл айлана балалуу болушат. 33 жыл бир дагы урушпай бактылуу жашашат. 33 жылда бир дагы чырын көрбөгөн кошуналары жана тегерегиндегилердин баары суктанышчу. Тилекке каршы, бир күнү капысынан аялы 50 жашында каза болуп калат. Мындай жоготууну британдык фермер Уинстон Хаус көтөрө албай аябай кыйналат. Жагымдуу бир нерсе кылгысы келет. Анан баласы менен участогуна 6000 түп бак отургузат. Ортосуна жүрөк салынган. Аны абада учуп бараткандар эле байкабаса, жердегилер байкабайт. Отургузган бак жылдан жылга өсүп отуруп токойго айланат. Анан ошол токойду 20 жылдан кийин бир учкуч самолетто учуп баратып байкап, сүрөткө тартып алат.

Мына көрүңүздөр, кандай керемет! Ушул кереметке Уинстон күндө келип, баягы аялы менен баскан бактылуу күндөрүн эстеп отурат. “Жалгыз гана сүйгөнүм аялым болгон, аны көзүм өткөнчө сүйүп өтөм” деген экен. «Өлгөн аялын барктаган ушундай да эркек болот экен ээ!” деп тангалдар четинен чыгууда...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости