www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина баягыдай эле кайрадан экс-президентти коргоп чыкты. Ал бүгүн 17-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында мүмкүнчүлүгүн пайдаланып президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге кайрылып, соболдуу пикирин айтып алды.

- Мен Жогорку Кеңештеги оппозицияны сезбей жатам. Парламенттеги оппозиция жалгыз Карамушкина окшойт. Эмне үчүн экс-президенттин соту жабык өтүшү керек? Бул аныкы (ред.: Атамбаев) туура, ак экенин көрсөтүп жатат. Мага соттун жабык өтүшүн түшүндүрүп бергилечи”,-деди Карамушкина. Анткен менен Дыйканбаев экс-президентти коргоочу депутаттын суроолорун жоопсуз калтырган. Мындан улам Карамушкина оңтойсуз абалда оңкочук атып кеткендей эле болду.

Эске сала кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында бир катар мурдагы чиновниктер суралууда. Мында башкы фигурант катары, “коррупция” беренеси менен айыпталып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн бир нече ирет баш тартканы белгилүү. Ал эми кечээ, 16-октябрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов бул сот жараянын жабык өткөрүү чечимин кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости