www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыз боозуп энесин коркутат болду го бул жагы...

Азыркы кезде КСДПнын ичиндеги интрига, бөлүнүп-жарылуу коомчулукта кеӊири талкууланып жатат. Ич ара ажырымга эмне себеп болду деген маселеде партиялаштар бирин-бири айыпташууда.

Негизи жара акыры жарылмак. Буга дейре, социалдык тармактардагы КСДПнын Саясий кеӊешинин мүчөлөрү Ирина Карамушкинанын, Темирлан Султанбековдун, Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева, Рита Борбукеевалардын кайым айтышуулары келишпестикти ачыкка чыгарды.

Натыйжада, маселени ынтымактуу чечип алууну көздөшкөн КСДПнын Саясий кеӊешинин мүчөлөрү 26-майда жыйынга чогулушуп, бирок бир пикирге келе алышпаганы жыйындан кийин белгилүү болду.

Ынтымакка келели деген жыйынды Ирина Карамушкина “Асел Кодураӊова, Кундуз Жолдубаева, Адил Турдукулов отурган жерде отурбайм, партиянын саясий кеӊешинен чыгам”, - деп чогулушту таштап чыгып кетип, ынтымак маселесин талкуулоого келгендердин ортолоруна чок салып, чырды ырбатып баса берди.

Натыйжада, Рыскелди Момбеков “Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Адил Турдукуловдорду колдоп” партиянын саясий кеӊешинен чыгаарын билдирди.

Анан “кылгылыкты кылып кыл жип менен бууп туруп” Ирина Карамушкина Рыскелди Момбеков, "Атамбаевдин балдары саясатта нөл" деп айтып, партиянын саясий кеӊешинен чыгаарын жар салып, партия ичине жик салды дегендей беттырмарлык кылууда. Минтип өзү баштаган ишти башкага оодарып, Атамбаевдин балдары менен Момбековдун ортосуна чок салып, бузукулук кылып жатканы кандай? Кыргызда мындайды “кыз боозуп энесин коркутат” деп коёт. Ата-бабалардын «… менен дос болсоӊ, айбалтаӊды ала жүр” дегенин ырастады…

Ырасында, Рыскелди Момбеков жаңы "Социал демократтар партиясын” Сеид Атамбаев жетектеп шайлоого барса ийгилик кааларын белгилеп, “колуман келген жардамымды бергенге даярмын" деп ачык айтты. Момбековдун Атамбаевдин балдары боюнча жаман пикир айтпаганын Саясий кеӊештин жыйынына катышкан Назгүл Мамытова, Адил Турдукулов, Эрмек Океновдор да баса белгилеп жазышты.

Өкүнүчтүүсү, Карамушкина кайдагы жөө жомокту токуп чыгып, бузукулук кылып жатат түшүнүп болбойт. Эмне мынча жанына күч келет дейм да. Кызыгы, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп, Европада жаткан Сыргак Абдылдаев, Карамушкина минтип жазды деп акылдуу болуп чыга калыптыр. Жалгыз чындык Карамушкинага байланып калгансып…

Сыргак мырза, адилеттүү болсо, калыс сөзүн айткысы келсе, Саясий кеӊештин жыйынга катышкан Карамат Орозова, Анвар Артыков баштаган мүчөлөрүнөн сурап койсо болмок. Андай колунан келбеген соӊ, “көрбөй үргөн иттин” жоругун жасап, Атамбаевдин балдарына кошомат кылбай эле отурса жарашмак. Эгер Атамбаев деп күйсө, Европага жатып алып, жөө жомокторду токуп баатыр болбой, Кыргызстанга келип саясий күрөшкө чыкпайбы? Колунан Кокон тыйын келбегендердин эле сөзү укмуш, асмандан кеп кылышып...

Дагы бир жагдай, КСДПнын Саясий кеңешинин жыйынына катышкандар чындыкты Назгүл Мамытовадай болуп ак же көк деп ачык айтышса болмок, билмексен болушпай...Төө кушчасынан кумга баш тыгып алган жакшы эмес го.

Алмаз Темирбек, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости