www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ШИИБи оор жаракаттан улам каза болгон жарандын өлүмүнө шектелген жаранга издөө салган. Шектүү бүгүн, 28-май күнү кармалды. Бул тууралуу олустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-май күнү Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 1998-жылы туулган А.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин 8-марттан 9-мартка караган түнү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында болгон. Анда Сузак районунун 1991-жылы туулган И.С. аттуу тургуну кара түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунааны башкарган, кебетеси азиялык болгон 20-25 жаштагы жаран экөө сөз талаша кеткен. Ал И.С.ны уруп, денесине залал келтирген. Натыйжада И.С. денесинен алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жабырлануучу 10-март күнү ооруканада жаткан И.С. эсине келбей жатып каза болгон. Ал эми шектүүгө издөө салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости