www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон мындан ары Гонконгду автономиялуу деп эсептебейт. Бул тууралуу Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео айтып чыкты.

“Өткөн аптада Кытай Эл Республикасынын бийлиги Гонконгго бир тараптуу жана негизсиз улуттук коопсуздук мыйзамын киргизүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Пекиндин бул катастрофалык чечими Гонконг автономиясын жана эркиндигин түп-тамырынан солгундатып жаткан аракеттеринин бири. Кытайдын бул аракети БУУда эл аралык келишимдин, тактап айтканда “Кытай менен Англиянын биргелешкен билдирүүсү” алдында Гонконг элине берген убадаларында шек туудурууда.

Мен Конгрессте бүгүнкү отчетумду болгон окуяларды кылдат карап чыккандан кийин билдирдим. АКШнын Гонконгго каршы мыйзамдарын 1997-жылдын июлуна чейинкидегидей колдонууга мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө эч бир акыл-эстүү адам фактыларга карап туруп Гонконгдун Кытайдан көп автономиясы бар деп айта албайт”, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости