www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Италиядан учуп келип, бирок карантинге алынбай, үйлөрүнө жөнөтүлгөн эки жаран боюнча кылдат текшерүүнү тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Жыргалбек Турускулов бүгүн эртең менен Италиядан эки жаран учуп келип, бирок карантинге алынбай, жөн гана дене табы текшерилгенден кийин ээн эркин үйлөрүнө жөнөтүлгөндүгүн айткан. Ошондон улам Өмүрбекова депутаттын маалыматын текшерүү үчүн атайын тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, бул аптада Италияда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны кескин түрдө өсүп, бүгүнкү күндө алардын саны 453 адамды түзүп анын 12и каза болгон. Ошондон улам Кыргызстанда аталган өлкөдөн келгендерге милдеттүү түрдө карантин жарыяланган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости