www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев “Орто-Токой” суу сактагычы маселесин көтөрүп чыкты.

“Орто-Токой” суу сактагычында июнь айында эле суу калбай калууда. Таң калыштуу, ал кайда кетип жатат? Ачыгын айтып коелу, анын 42 пайыздан ашыгы сатылып кетүүдө. Ошондон улам, дыйкандарыбыз жайкысын сугат суусуз калууда”, - дейт депутат Мыктыбек Абдылдаев

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Абдибай Жайлообаев “Орто-Токой” суу сактагычында жыл сайын 140 млн куб суу топтоло турганын, аны менен 148 миң жерди сугарса болорун, анын ичинде Казакстандын да үлүшү бар экенин, Кыргызстан азыр анын 22 пайызын гана колдонуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, депутат ички каналдардын маселесине да токтоло кетти.

“Биздин ички каналдардын саны, Чүй облусунда 863 миңге жакын экен. Бирок ошолордун арасында ЧЧКнын эки чоң каналы бар. Ошонун бир каналы Жаныбек иним жакшы билет, менин айылыман өтөт. Ушуну такыр тазалабай койдуңуздар. Айыл чарба министрлигине баш ийип турганда мен айткамда. Ушуну такыр тазалабай, тээ Канттан бери келе жаткан жагынын баары бүт чым баскан, камыш. Анан каяктан суу толмок эле. Канал өзү Бишкекке чейин келет. Сугатка пайдаланса болот да...”,-дейт Мыктыбек Абдылдаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости