www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков бийликке "легендарлуу парламент" тууралуу кайрылуу жасады.

"Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон баштап, ошол убактагы Жогорку Кеңештин ролу абдан чон болгон. Советтер Союзу убагында Коммунисттик партиянын тизмеси менен жүздөгөн киши Жогорку Кеңешке ошол убакта шайланып келген. Анын ичинде көп атактуу-даңктуу аткаминерлер өз салымын кошуп келишкен. Ал Жогорку Кеңеш 1990-жылдын апрель айында шайланган. Кийин “легендарлуу парламентке” айланган. Ал Жогорку Кеңеш Советтер Союзу тарап жатканда Кыргызстандын эгемендүүлүгү боюнча декларацияны кабыл алган. Кыргыз Республикасынын гимнин, туусун, “сом” улуттук валютасын бекиткен. Жакында “легендарлуу парламентке” 30 жыл болгону турат.

Тилекке каршы эмдигиге чейин бул элибиздин-журтубуздун тарыхында чоң ролду ойногон Жогорку Кеңеш боюнча бир дагы ММКдан же болбосо Жогорку Кеңештин жетекчилеринен дагы, депутаттардан дагы бул маселе боюнча бир дагы иш башталбай турганы жанды кейитет. Мурунку депутат, экс-вице спикер катары айтаар элем, кандайча Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп түптөлгөнүн жана бул маанилүү датаны улуубуз да, кичүүбүз дагы жакшы билишибиз керек. Ошону үчүн “легендарлуу парламент” боюнча жакшы телекөрсөтүүлөр, радиоберүүлөр уюштурулуш керек болчу. Элдин аң сезимине жеткидей кылып, илимий конференциялар өткөзүлүш керек эле, жогорку окуу жайларда жана мектеп окуучулары үчүн атайын сааттар уюштурулуп, бул тарыхты окутушу керек эле. Бул иштер түздөн түз Жогорку Кеңештин иши.

Өз убагында биз Жогорку Кеңештин 70 жылдыгын өткөздүк эле. Бул маселе боюнча мен төрага болгом. Ал тургай алыстагы жергиликтүү депутаттар, райондордон жана ЖОЖдун студенттери дагы келип Жогорку Кеңеште, комитетте сессия болуп жатканда катышып, берген суроолоруна жоопторун алып, кызыктуу жолугушуулар болгон. Атайын Россиядан “монетный двордон” медаль чыгарылган, атайын кыргыз, орус, англис тилдеринде кино жана китеп чыгарылган.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул “легендарлуу парламент” жөнүндө кээде эле эстеген кишилер сөз кылып калат.  Ошондой “легендарлуу парламенттин” жетекчиси болгон Шеримкулов Медеткан Шеримкулович тууралуу жакшы сөздөрдү айткым келет. Көзү тирүүсүндө бул кишинин эмгеги дагы бааланбай келет. Керек болсо бул кишиге “баатырлык” наамды дагы бериш керек эле. Парламенттин мүчөсү болгон көзү тирүү депутаттарды чакырып, иш-чара өткөзүлбөгөнүнө жаным кейийт.

Мен Президентке, Кыргыз Өкмөтүнө өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылгым келет, 30 жыл болуп жаткан “легендарлуу парламент” жөнүндө иш-чараны тез пландаштырып, жакшы деңгээлде илимий, маданий жагынан дагы белгилеп койсо дагы жакшы болоор эле деген ойдомун, деди Кубаныбек Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости