www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантин: Кыргызстанда качан пенсия бериле баштайт?

Кыргызстанда 10-апрелден тарта пенсия бериле баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 670 миӊден ашык ар кандай категориядагы пенсионер бар. Учурдагы кырдаалга байланыштуу банктын кассасынан жана карта аркылуу алган адамдарга дагы эми почта кызматкерлери үймө-үй жеткирип берет.

"Пенсия 10-апрелден тарта жеткирилип бериле баштайт. Бардык пенсионерлер акчасын үйдө отуруп, почта кызматкерлеринен алышат", - деди Ирсалиев.

«Кыргыз почтасы» улгайгандарды үйдөн чыкпоого чакырып, бул жолу пенсия ар биринин үйүнө жеткирилип бериле турганын билдирген. 25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавируска байланыштуу көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал режими киргизилип, көп мекеме-ишканалар убактылуу жабылган. Адамдарга себепсиз көчөгө чыгууга, топтолууга тыюу салынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости