www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ковид  - 19 вирусунан жалпы дүйнөдө 59220 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны - 1 миллион 118, айыккандардын саны - 229 157ден ашты. Бул тууралуу trt.net.tr жазып чыкты.

Кытайда коронвирус жугузган киши саны 81630га жогорулап, эпидемиядан жалпы өлкөдө 3326 киши каза болду. Каза болгондор үчүн  өлкөдө 3 минуталык эскерүү болду.

Иранда каза болгондордун саны 3294кө, вирус жугузган киши саны да 53183кө жогорулады. Кум шаарында коронавирусун жугузган  106 жаштагы бейтап 14 күндө айыкты.

Японияда 4 киши дагы каза болуп жалпы каза болгон киши саны 88ге, вирус жугузган киши саны 3854кө жогорулады.

Түштүк Кореяда коронадан 177, Алжирде 105, Индияда 86, Иракта 54, Малайзияда 53 киши көз жумду.

Мароккодо коронавирус ушул кезге чейин 47 кишинин каза болушуна себеп болуп, вирус жугузган киши 761ге жетти.

Египетте саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгон киши саны 66га жеткендигин, 958 кишиге вирус жуккандыгын билдирди.

Басып алынган Батыш Шериада коронавирустан эки аймак карантинге алынды.

Палестинада 23 кишиде дагы вирус аныкталып жалпы вирус жуккан киши саны 194кө жогорулады. Алардын ичинде вирус жуккан 8 бала да бар.

Түштүк Африкада Ковид  - 19 жугузган киши саны 500дөн ашкандыгы аныкталды.

Сиерра Леоненин президенти Юлий Маада Био өлкөдө коронавирустан 2 кишинин каза болушунан кийин эртеңден баштап көчөгө чыгууга 3 күн тыюу саларын жарыялады.

Африка ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунун акыркы маалыматтарына ылайык материкте 49 өлкөдө 284 кишинин каза болуп, 7028 вирус жугузган киши бар.

Азербайжанда коронавирус аныктлаган 5 киши дагы каза болду. Вирус жугузган  киши саны 521ге жогорулап, 32 киши айыгып ооруканадан чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости