Сырдуу өлүм: Кайсы президенттин коопсуздук кызматына кол салып, бир кишини өлтүрүп кеткен?
Дүйнө жүзүндө  |   |  3404

Ооганстандын ички иштер министрлиги Кабулдун чеке белинде куралчан белгисиз бирөө ооган президентинин коопсуздук кызматына кол салып, бир кишини өлтүргөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ал эми бүгүн, 4-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тарик Ариан президенттин коопсуздук кызматынын дагы бир кызматкери Кабул провинциясынын Пагман районунда болгон кол салууда жараат алганын айтты

Белгилей кетсек, кол салуудан жабыркагандар  кызматтык нөөмөттө болгонбу же жокпу азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями