www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантин стандарттарынын сакталышын камсыз кылган индиялык полиция кызматкеринин колус кесип кетишти. Бул тууралуу CNN жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя Пунжаб штатында болгон.  Полиция кызматкерлери жер-жемиш базарынын жанынан өтүп бара жаткан жети кишилик унааны токтотуп, алардын бардык документтеринин бар-жогун текшерип чыгышты.

Алар этникалык диний азчылыктын Нихангдардын өкүлдөрү болгон. Токтотулган жарандар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салышкан. Жарандардын биринде кылыч болгон жана ал инспектордун жардамчысы Харжит Сингхуну сол колун кесип салган. Дагы алты полиция кызматкерлери оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. 

Сингх Чандигарх шаарындагы ооруканага жеткирилген, ал жерде колуна менен операция жасашкан. Операция 7 жарым сааттан ашык убакытка созулган. Коопсуздук күчтөрүнө кол салган делген адамдар кармалып, тергөө иштери башталды.

Пунжаб Индиянын штаттарынан изоляция режимин айдын аягына чейин узарткан биринчи штат болуп саналат. Аталган өлкөдө 10 миңден ашуун адам коронавирус жуктурган, 342 адам вирустан каза болгон жана 1,1 миңден ашуун адам айыгып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости