www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүн коронавирус каптап, аталган илдет Кыргызстанга кирип, карантин башталгандан бери социалдык тармакта үн жазуулар, кыска тасмалар, ачуу чындыктар айтыла баштады. Ачуу чындыкты айткан, кезектеги белгисиз каармандын пикири төмөнкүчө: 

--Бизге, кыргыздарга коронавирус келгени туура эле болду. Анткени биз өтө эле бузулуп кеткенбиз. Бизде шүгүрсүздүк, ичи тарлык, бири-бирибизди олтуруп алып сындамай, бири-бирибизге колдоо көрсөткөндүн ордуна бут тосмой, жатып алып эле элдин айыбын издемей болуп калган. Бизге негизи жакшылык жарашпай калган. Бир киши акчасын соопчулукка акча жумшайын десе, аны сындап, “акчасы арам-арам” дей берип, ал бала сынды көтөрө албай, аны олтургузуп салдык. Берсе дагы, бербесе дагы жаман бизде. Ал берип жаман болду, бербей жаман болгондор кимдер? 

Ырчыларга асылдык, ырчылар эмнеге бербейт? Элдин акчасына байып кетишти деп. Алар эмне бергенге милдеттүүбү? Аларды тойго чакырган кимдер, өзүбүз да. Алар суранган жери жок. Тойдун үстүнө той, тойдун үстүнө той. Мына эми ачка олтурабыз, муктаждар көп. Сындын себебинен ырчылар чыгып, муктаждарга таратып баштаса, “кана силер эч кимге таратпай жатасыңар”-десе алар камерага тартып, сындаган коомго көрсөтүш керек да. 

Анан коом эмне деп баштады? “Эмнеге камерага тартат? Кудай үчүн кылгандан кийин камерага тартпай эле коюшпайбы?! Кудай үчүн кылгандан кийин купуя кылыш керек, - деп. 

Элге эч нерсе жакпайт, туугандар. Колунда барлар ун таратып баштаса, эмне деген сөз жүрүп жатат? “Курттап кеткен ун таратып атыптыр”, - дейт. Албетте, 1-2 мүшөктөн курт чыгып калгандыр, бирок бул тонналаган ун курттап кеткенинин билдирбейт да. Ошондуктан, туугандар, башка бирөөлөрдү сындагандын ордуна өзүбүзгө, жашообузга, үй-бүлөбүзгө көз салалычы, анализ кылалычы. 

Аялы менен күйөөсү ит менен мышыктай жашап атат, уруш, ажырашуу көп, жалкоо болуп бүттүк. Балдарга көңүл бурулбай жатат. Көңүл бурулбагандыктан, 10 күндүн ичинде 7 окуучу бала асынып өлдү. Ага ким күнөөлүү?

Ошондуктан, туугандар, кичине күзгүгө каранып, анализдеп, жатып алып элди сындагандын ордуна өзүбүзгө: “Эмне жакшылык кылдым, ушул жашка жеткенге чейин эмнеге жеттим?,-деп суроо берели. Өзүбүздүн айыптарыбызды издеп, өзүбүздүн жашообузду карай турган болсок, башкалардын сөзүнө, ишине, жашоосуна маани бергенге убакыт жок болуп калат, - деди видео Кайрылуусунда белгисиз жаран.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости