www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу 14-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, божомол жүргүзүү үчүн атайын эксперттик топ иштөдө:

"20-апрелден 24-апрелге чейин деп жатышат. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Себеби оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдетти алдын алуу иштерине өтөт элек".

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталып, 18-марттан бери жалпы саны 430га жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости