www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапониянын жээгинде карантинде турган «Diamond Princess» кемесиндеги төрт казакстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 23-февраль күнү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына Токиодон 20 казакстандык келген. Алардын төртөө аталган кеменин жүргүнчүлөрү болгон. Алар келээри менен медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Эске салсак, 3,7 миң жүргүнчүсү менен саякатка чыккан Diamond Princess кемеси, 5-февралдан 21-февралына чейин карантинге алынган. Себеби, кемеде эс алып жүргөн бир кишиден коронавирус чыгып, вирус башка адамдарга дагы жугушу мүмкүн деген негизде 2 жумага карантинге алынган.

Жыйынтыгында, тумоо 600 адамга жуккан.

Аталган лайнерде бир кыргызстандык жаран жана 4 казак жараны бар экени белгилүү болгон. Аларга тумоо жукпагандыгы жана ден соолуктары жакшы экени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости