www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 14-январында Бишкек шаарында «Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору» деген аталышта тегерек стол өтүп, резолюция кабыл алынган. Ошонун негизинде, ал резолюцияны Жерүй кени жайгашкан Талас облусунун элине тааныштыруу жана сунуш, өтүнүчтөрдү кабыл алуу максатында, 2020-жылдын 5-февралында, Талас облусунда дагы тегерек стол болуп өтүп, жалпы эки жыйындын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынган.

Кабыл алынган РЕЗОЛЮЦИЯНЫН шарттарынын биринде:
-а) 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгүн текшерүү максатында мамлекеттик комиссия түзүү. Курамын сөзсүз түрдө адис эксперттер, коомдук ишмерлер, жарандык активистер жана жергиликтүү тургундар киргизилсин-деп белгиленген.

Ошонун негизинде, 2020-жылдын, 20-февралында Талас облусунда комиссиянын биринчи отуруму болуп, ар кандай бут тосууларга карабай, Элдик комиссиянын курамы бекитилди.

Жерүй алтын кениндеги ар кыл маселелерди иликтөө боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын толук курамы төмөндөгү адамдар менен бекитилсин:

1. Айбек Бузурманкулов – төрага
2. Майрамбек Береналиев – төраганын орун-басары (Талас облусу боюнча координатор)
3. Бакыт Сейталиев – төраганын орун басары (Экологиялык маселелер боюнча координатор)
4. Абыдкеримов Турусбек
5. Асымбаев Бакыт
6. Бейшеналиев Таалай
7. Дүйшөнбаев Абыкан
8. Иманалиев Канат
9. Көчөрбаев Замирбек
10. Кубанычбек уулу Бексултан
11. Момоконов Күнболот
12. Орозбаев Нургазы
13. Сыдыкбеков Урматбек
14. Сыдыков Кулмат
15. Токтоналиев Курманбек
16. Избасаров Теӊдик
17. Исмаилов Таалайбек
18. Айдар Момунтаев
19. Адыл Көчөралиев
20. Каныбек Айтбаев
21. Азамат Мырзалиев
22. Серик Жолдасов
23. Айчүрөк Токтогазиева
24. Бакыт Чаткалбаев
25. Нурлан Асанов
26. Раимберди Жумалиев
27. Дастан Сарыгулов (макулдашуу менен)
28. Дүйшөн Камчыбеков (макулдашуу менен)
29. Рыскелди Момбеков (макулдашуу менен)
30. Зарылбек Рысалиев (макулдашуу менен)
31. Марлен Маматалиев (макулдашуу менен)
32. Момбеков Чынгыз, геология башкармалыгынын кызматкери КРӨЖЭЖКПМК (макулдашуу менен)
33. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлү (макулдашуу менен)
34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү (макулдашуу менен)
35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги (макулдашуу менен)
II. Тиешелүү бийлик бутактарынан Жерүй алтын кениндеги ар кыл маселелерди иликтөө боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын ишине керектүү документтер суралсын
III. Бишкек шаарында жашаган Комиссиянын курамы Бишкек шаарында, Талас облусунда жашаган Комиссиянын курамы Талас облусунда комиссияга керектүү маалыматтарды чогултууга, чакан комиссиянын отурумдарын өткөрүүгө укук берилсин.
IV. Тиешелүү бийлик бутактарынан Жерүй алтын кениндеги ар кыл маселелерди иликтөө боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын ишине керектүү документтер алынгандан кийин, Бекмолдо Айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлсүн жана Жерүй алтын кенинин аймагынын жеринде иликтөө жүргүзүлсүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости