www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада өткөн аукциондо Россиянын президенти Владимир Путиндин автографы тарыхчы-американист Валентин Зоринге 340 миң рублга сатылды. Бул тууралуу «Общая газета» билдирди.

Аукциондун сайты билдиргендей, Владимир Путин өзүнүн автографын Валентин Зорин белек кылган “Неизвестное об известном” китебине койгон. Бул 2001-жылы сентябрь айында болгон.

“Дайыма зор кызыгуу жана ырахат менен сиздин ишиңизге көз салып келгем. Дээрлик бардык нерсе дайыма сонун жана абдан таланттуу болчу. Сизге ийгилик каалайм. В. Путин”,-деп Россиянын президентти китепке жазган.

Колтамганын башкы баасы 340 миң рубль. Сатып алуучу дагы автографка ошончу акча төлөп берген.

Белгилей кетсек, “Игры престоловдун” автору Жорж Мартиндин колтамгасы аукциондо 15 миң рублга сатылган(Баштапкы баасы-1миң рубль).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости