www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус Женевада өткөн маалымат жыйын учурунда пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр кандай шартта токтотуларын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Чектөөлөрдү алып салуу үчүн мамлекеттин өз жарандары бардык коопсуздук эрежелерин карманып жатканына көзү жетиши керек. Тагыраагы, мамлекет төмөнкү шарттарды так аткарууга тийиш:
Саламаттык сактоо системасы вирус жуктуруп алган жана аны менен байланышкан бардык жарандарды көзөмөлгө алууга чама-чаркы жетиши керек;
Оорукана, мектеп сыяктуу мекемелерде жана коопсуз жайларда дени сак адамдар вирус жуктуруп албоо үчүн коопсуздук чаралары көрүлүшү зарыл;
Өлкөгө сырттан вирус алып келүүгө бөгөт коюлушу кажет", - деди Тедрос Адханом.
Белгилей кетсек, 14-апрелге карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 934 583кө жетти. Анын ичинен 120 миңден ашык адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg