www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу өзгөчө абал апрель айынын аягына чейин узартылды. Өзгөчө абал жарыялангандан бери көпчүлүк жерге посттор коюлуп, көп нерсеге тыюу салынган. Аталган посттордо акыркы күндөрү ар кандай окуялар катталып жатат.

Төмөнкү берилген видеотасма Кыргызстиандын кайсы аймагында тартылганы тууралуу так маалымат жок. Анда айдоочуну постто турган адам токтотуп, анын өздүгүн тактоочу джокументин сураганда, айдоочу кызматкерден тиешелүү документти көрсөтүүнү талап кылат. Ошол жерден ызы-чуу чыгып, кызматкер “мен солдатмын, каалаганымды кылам” деп айдоочунун унаасынын эшигин ачып, ачкычын алууга аракет кылат.

Белгилей кетсек, мындай окуялар акыркы күндөрү көп катталып жатат. Жакында эле ушундай эле посттордо “либой ишенгениңди чакыр” деп аял чыр салып, бир күндөн кийин элден жана президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сураган.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

"Мен солдатмын каалаганымды кылам"

Публикация от MEDIA-KYRGYZSTAN | Маалымат (@daily24.kg)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости