www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш өзгөчө абалды узартууну карайт

15-апрелде Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карайт.

Белгилей кетсек, 14-апрелде өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгон.

Себеби, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

Эске сала кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус көп катталган үч шаар, үч райондо өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде парламенттин эки комитети коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүн маалыматын уккан. Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда COVID -19 жуккан 430 адам бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү өзгөчө абал киргизилген аймактарда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости