www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орозо айы. Бир жагынан коронавирус да кыстап, күндөн-күнгө жугузган адамдардын саны арбай баштады. Өлгөндөр көбөйүп баратат. Мындай шартта ооз ачууга кафе, чайкана, ресторандар кызмат көрсөтүшүүдө.
Топтошкон, үймөлөктөшкөн жарандарыбыз кучакташа көрүшүп, ооз ачышып, аралыкты сактабагандары ачык байкалууда. Мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алуу, карантиндик эрежелерди сактоо таризинде тартип киргизишпесе, аягында вирусту жапырт жугузуу менен ишпалдабыз чыкпайбы?
Ансыз да эңшерилген экономика - мышык ыйлачудай көрүнүш. Жумушсуздук, кымбатчылык көйгөйлөрү күчөй баштаганда арыдан-бери болбойлубу? Же былтыркы апаат күндөр кайрадан кайталансынбы?..
Булак: Азия News гезити