www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер тепкилеген «реформачыларга» бир шиңгил

Бишкек шаардык кеңешке «Реформа» партиясын жетектеген Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакировдор атсалышты, а утулуп калгандарына элдин көпчүлүгү капа деле болгон жок. Туурабы? Жаңылышпайбыз.

Булар тим эле өздөрүн демократиянын үмүтү элестетип, кечээ эле майданга чыга калышып, баардык жарандык коомдун атынан сүйлөшүп, «Ак үйдү «Дом пионер» кылабыз, Киев көчөсүн жөө жүргүнчүлөргө эле ачабыз» деп өпкөлөнгөндөн башка эч нерсе сунуштай алышкан жок шайлоодо. Рита Карасартова сыяктуу оозу менен орок оргондор топтолуп алышкан. Аларга чейин демократия жана адам укуктары үчүн күрөшкөн, өмүрүн арнаган адамдар жок болгонсуп.

Жаштардан адашкандар да буларга ишенип алышкан. Бизнес десе жата калып акчага сыйынгандар. Элдин турмушун билишпейт. «Баардыгын менчиктештириш керек, мамлекетти жоюш керек» деген либерал сөрөйлөр. Өздөрү деле түшүнүшпөйт эмне деп аткандарын. Иши кылса, ырас эле болду, сооп!

Азыр эми утулуп калгандарын да тааныбай, кайра элди күнөөлөп атышат. Буларга добуш бербегендин баары саткын экенбиз. Булар эле таза жана чынчыл. Социалдык тармактан кичине чыгып, эл менен иштегиле, азаматтар! Орусча айтканда, «и люди тогда к вам потянутся!»

Булак: Азия News гезити

Последние новости