www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомду ызы-чуу кылган саясий ой-пикирлеринен тышкары, Леонид Ильич Брежнев өбүшүү боюнча мамлекеттик ишмерлердин арасында абсолюттук чемпион болгон. Анткени, мамлекеттик ишмерлердин арасында өбүшүүлөр өтө аз учурайт эмеспи. Классикалык өбүшүүнүн «үчилтик» формасын ойлоп таап, жакшы көргөндөрүнө колдонгон Брежнев тууралуу элге кеңири таанымал өбүшүүлөрү тууралуу сөз болмокчу.

Брежневдик классикалык өбүшүүнүн «үчилтик» формасы мындай, Брежнев оң жаагынан өөп, анан сол жагынан өөп туруп, анан шашпай эрдинен соруп ала турган. Бирок Брежнев муну жакшы көргөндөрүнө гана колдонгон. 70-жылдары брежневдик классикалык өбүшүүнүн «үчилтик» формасын билбеген бир да чех болгон эмес. КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежнев менен Чех коммунисттеринин Борбордук комитетинин Генералдык секретары Густав Гусактын өбүшүүсү тарыхта ушул күнгө чейин алтын тамгалар менен жазылып калган.

Бир ирет 1971-жылдары брежневдик классикалык өбүшүүнүн «үчилтик» формасын КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежнев өзүнүн арзуусун Румын коммунисттеринин Борбордук комитетинин Генералдык секретары Николас Чаушескуга арнагысы келет. Эмнегедир Николас Чаушеску Леонид Ильич Брежневдин умтулуусун четке кагып, күйүп бараткан отко суу сээп, бир топ жыл Леонид Ильич Брежневдин каарына калат. Эки мамлекеттин ортосунда кызматташуу соолгундайт. Леонид Ильич Брежневдин көзү өткөн соң гана калыбына келе баштаган. Румын Борбордук комитетинин Генералдык секретары Чаушески 1989-жылы күзүндө Берлин дубалы ураган, европалык социалисттик мамлекеттер демократиялык жолго түшкөн маалда митингге чыккандардын кол алдында талоондо калат. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежнев классикалык өбүшүүнүн «үчилтик» формасын башка жыныстын өкүлдөрүнө да колдонгусу келет. Ал Индиянын премьер-министри Индира Ганди менен өбүшүп жаткан сүрөтү дүйнөгө тарап, ал эмес Индира Гандинин апартаментинде эң сыйлуу орунда илинип турат. Индира Ганди бул сүрөткө абдан жакшы баа бере турган дешет, анын өлүмүнөн соң апартамент музейге айланып, башка тарыхий эстеликтер менен катар, бул сүрөт музейдин көркүн ачып турат.

 

КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежнев классикалык өбүшүүнүн «үчилтик» формасы менен 1971-жылы Улуу Британиянын премьер-министри, «Темир леди» деген атак алган Маргарет Тэтчерге да чабуул жасайт. Бирок Маргарет Тэтчер өз убагында өтө сыпайы бурулуп кетип, Брежневдин өбүшүүсүнөн кутулуп кетет. Брежнев ага таарынган эмес, эгер анын мындай өбүшүүсүнөн кутулбай калганда Маргарет Тэтчерге англиялык жентелмендер көргүлүктү көрсөтмөк.

1973-жылы СССР менен АКШ ортосун бөлүп турган «темир көшөгө» ачылат. АКШнын делегациясы СССРге келет. КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежневдин жанды эргиткен куттуктоо сөзүнөн соң жаш сулуу америкалык кыз гүл тапшырууга келет. Ушуну эле күтүп турган Брежнев өзүнүн өбүшүүсүн хореография боюнча мугалим Энни Холлманга багыштайт. Ал бул кызды берилүү менен узакка оозунан соруп турат. Буга чейин эч ким деле билбеген Энни Холлман ушул өбүшүүдөн соң атагы ааламга кеткен атактуу адамга айланат. Анткени экөө өбүшүп турган сүрөт бүт дүйнөгө тарайт.

АКШнын отуз тогузунчу президенти Жимми Картер КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежневдин классикалык өбүшүүнүн «үчилтик» формасына татыктуу болгон бирден-бир президент болгон.  

1964-жылы Куба коммунисттеринин Борбордук комитетинин Генералдык секретары Фидель Кастро жаңы КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежневдин мындай арзуусуна биринчилерден кабылат. Ал Брежнев менен узакка өбүшүп турганы үчүн өз мекенинде шылдыңга айланган. Ошондон соң дагы мазактоого кабылбайын деп Фидель Кастро учактан түшүп Брежневге жолугар алдында оригиналдуу айла тапкан. Ал кубанын оролгон чоң тамекисин оозуна тиштеп түшчү. Брежнев аны өбө албай кайсалактап Фидель Кастро да мекенинде шылдың болбой калган.

1968-жылы палестинанын лидери Ясир Арафат биринчи ирет Советтер Союзуна келет. Аны албетте, КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежнев урмат-сый менен тосуп алат. Палестинанын лидери Ясир Арафат тез эле Брежневдин ишенимине кирип, анын белгилүү үчилтик өбүшүүсүнүн дайыма курмандыгы болуп калат. 

Эң атактуу өбүшүү Германия демократиялуу республикасынын жетекчиси Эрихом Хоннекер менен КПСС Борбордук комитетинин Генералдык секретары Леонид Ильич Брежневдин ортосунда болгон. Бул достуктун актысы болгон сүрөттөмө, ал эмес таланттуу художник Дмитрий Врубел тарабынан Берлин дубалына кооздолуп тартылган. Мындай «достук өбүшүү» Берлин дубалынын урашына символ болуп калган.

Аны менен достук өбүшүүнүн да зыяндары болгон. Брежневдин мындай өбүшүүсүнөн соң югослав коммунисттеринин Борбордук комитетинин Генералдык секретары Иосип Броз Тито эрининен жаракат алып, аз жерден майып болуп кала жаздаган.

Азизбек Келдибек, NazarNews.kg

 

Последние новости