www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам болуп бул жашоого келген соң ким болбосун оору-сыркоосуз, бактылуу турмушта, узак өмүр жашагысы келет эмеспи. Бирок, тилекке каршы, Жараткан ар бир адамга жакшы да, жаман да тагдыр берип сынайт экен. Ал сыноого сынгандар да, ага каршы туруп жеңип чыккандар да жок эмес. Рубрикабыздын бүгүнкү каарманы уулунун ден соолугун тилеп, сакайып кетишин күн санап күтүп жүргөн эне…

«Бирөөнүн малын багып күн кечирип келебиз»

Биз Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынан болобуз. Кадимки эле карапайым кыргыз үй-бүлөлөрүнүн бирибиз. Өз үйүбүз жок болгондугуна байланыштуу бирөөнүн малын карап, ошолордун үйүндө жашап күн кечиребиз. Жолдошум дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жүрөгү ооруйт. Ошол себептүү кара жумуштарга жарабайт. Бир аз оор жумуш кылса эле дем алуусу оорлошуп эчтеке кылууга жарабай калат. Ал эми ошол үйдө жашап, мал баккан акыбыз 7 миң сом. Ага балдарыбыздын кем-карчын, тамак-ашын белен алып, эч кимдин жардамына муктаж болчу эмеспиз. Жашоо-шартыбыз начар экенине карабай Кудайга шүгүр кылып жашап келгенбиз. 2018-жылы кичүү уулум Али төрөлгөн күн эң кубанычтуу дагы, бир чети бизди кайгыга салган дагы күн болду. Ал көтөн чучугу тубаса жок болуп төрөлдү. Буга себеп болчудай кош бойлуу кезимде эч кандай деле олуттуу оору менен ооруп көргөн жокмун. Улуу балдарымды кандай көтөрсөм, муну деле так ошолордой эле жакшынакай көтөргөм. Тамак-аштан деле кем болбой жашылча-жемиш, эт жеп жүрүп төрөдүм. Врачтардын жазып берген дары-витаминдерин үзбөй алып ичип жаттым. Анан кандайча ушундай абалда жарыкка келгенине таң калам. Организминде мындай мүчүлүштүгү бар адам кадимки адамдардай заңдай албайт. Көтөн чучугунда ийненин көзүндөй кичинекей бир жылчык бар, андан дайыма ириң агып турат. Негизи, балам төрөлгөндөн эки күндөн соң оорусу аныкталып, ошол замат операция жасалган. Мындай операцияда табигый жол менен заңдай албагандыктан, ичегинин бүткөн жерин курсак көңдөйү менен туташтырып, атайын тешикче чыгарылат экен. Ошол тешикче аркылуу гана заң чыгара алат. Бул медицинада колостома деп аталат. Мындай операцияны баштан өткөргөн бала дээрлик күн сайын эки-үч маалдан заңдап турат. Эгерде заңды ошол замат тазалап, тешикчени майлап-дарылап турбаса терини кесилтип, жоорутуп жиберет. Ошол себептүү баламдын жанында айланчыктап эле турам. Эч жакка чыга албайм. Бат-баттан тазалап, гигиенаны туура сактабасак, ансыз да алсыз бала ооруксунуудан улам андан бетер алсырай түшөт. Биринчи операциясында өзүбүзгө тиешелүү, ошонун аркасынан жан багып келген малдарыбыз бар эле, алардын баарын сатып операцияга керектелген каражатты толугу менен төлөп берген элек…

«Экинчи операциясына кирүү үчүн кандын деңгээлин жогорулатуу керек экен»

Эми экинчи операцияга да бир топ акча каражаты талап кылынууда. Бирок азырынча врачтар баламдын операцияга даяр эмес экендигин айтышты. Анткени ашказан-ичеги жолдорунун толук кандуу эмес иштегенинен улам жеген тамак-ашы организмге жакшы сиңбей, керектүү витаминдерге ээ боло албайт. Мунун кесепетинен канындагы гемоглобиндин деңгээли дагы көрсөтүлгөн нормадан абдан төмөн. Операцияга бериш үчүн кандын деңгээли 120 болуш керек, ал эми баламдыкы азыр гемоглобини 86. Учурда үч баламды атасына таштап коюп балам менен дарылануу үчүн Балыкчы шаарына келгенбиз. Балыкчыда эжемдикинде жашап, больницага барып-келип дарыланып жатабыз. Буюрса, 10 күн дарыланып, эгерде кандын деңгээли көтөрүлсө, дароо операцияга беребиз. Операция Бишкек шаарында эле жасалат. Врачтар башында эле айтышкан, экинчи операциясы аябай оор болот деп. Ошого азыр абдан жаман болуп, күн сайын баламдын ден соолугун, айыгып кетишин тиленип отуруп көз жашым тыйылбайт. Баарынан дагы атасынын кароосунда калган балдарымды эстесем жүрөгүм сыгылат. «Эмне кылып жатышты болду экен, курсактары ачкан жокпу?» деп атасы менен калган күндө деле баары бир энелик сезимим менен сары санаага батып жүргөн учурум. Санаадан улам башым ооручу болду өзүмдүн дагы. Эмнеси болсо дагы баламдын айыгып кетиши мен үчүн азыр эң башкы максат болуп турат. Заңдагысы келгенде тоссоң чыдатпай ооруганынан чырылдап ыйлап жиберет. Заара кылганда дагы толук кандуу заара ушата албай аябай кыйналат. Кээде аябай заара кылгысы келгенде тоссоң тамчылатып эле коёт дагы, аябай чыңырып ыйлаа алат. Дайыма такма жалаяк менен жүрөбүз. Ичине дайыма бинт ороп, аны ар бир заңдаган сайын алмаштырып, кайра калың кылып жаңысын ороп турабыз. Ушунун баары эле билинбегени менен бир топ акча болот экен. Башкаларга кандай билбейм, бирок биздин үй-бүлө үчүн азыркы кырдаал абдан эле оор болуп жатат. Мамлекет тарабынан баламдын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгени үчүн 3800 сом жөлөк акча алабыз, мал баккан акыбыздын акчасы 7000 миң сом болот. Учурдагы болгон киреше булагыбыз ушулар. Бул каражат, чынын айтканда, бүтүндөй бир үй-бүлөнүн кем-карчын толуктаганга аздык кылат экен. Анын үстүнө баламдын дары-дармектерине да бир топ акча талап кылынат. Баламдын каны аз, иммунитети төмөн болгонгобу, ай сайын ооруйт. Өткөндө пневмония болуп абдан кыйналдык. Аны дарылайбыз деп дагы ооруканадан оорукана алмаштырып дарыланып жатып эптеп айыктык. Эми минтип жакшы үмүт менен операцияга даярдап жаткан чагыбыз.

«Уулумдун сакайып кетишине салым кошосуздар деп ишенем»

Мындай ооруну, мындай сыноону эч бир үй-бүлөгө, эч бир ымыркайга каалабайт элем. Тогуз ай толгонуп көтөрүп, кан-жаның бир болуп калган балаң кыйналып турса, же ага карата эч кандай жардам көрсөтө албасаң эненин жүрөгү жарылып эле кетчүдөй абалда болот экен. Бирок айла жок, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек наристеңдин өмүрүн тилеп, жакшылыктан үмүт этип, жанында миң толгонуп, миң ойлонуп, сакайып кетсин деп болгон аракетибизди жумшайт экенбиз. Акыркы учурда баламдын абалын көрүп, эч нерсеге алым жетпегендей алсырап бараткандаймын… Андыктан тааныштарымдан, санаалаштардан угуп, алардын кеңеши менен элибизге жардам сурап кайрылууну чечтим. Көп түкүрсө көл болот дегендей, ар бириңиздердин кичинекей болсо дагы кылган кайрымдуулук кадамыңардын биздин үй-бүлөгө жарыгы тийип, уулумдун айыгып кетишине жардамы тиет деген илгери үмүт менен сиздерге кайрылам. Жараткан кайрымдуулук кылган ар бир адамга эки эсе жакшылык менен жооп кайтарат деп терең ишенем…

Чолпон

Элсом номери: 0555 71 78 83

Асел Эсенбек кызы

Булак: "Леди.kg"

 

 

Последние новости