www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген баасы 4 миллион сомго жакын спорттук кийимдерди кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан баткен областында “С.А.С” аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 3 878 600 сомдук спорттук кийимдер табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости