www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 10-сентябрда Улуу Британиянын жаңы падышасы Карл III расмий түрдө жарыяланат. Бул тууралуу "The Times" жазып чыкты.

Макалада айтылгандай, азырынча расмий түрдө жарыялана элек жана такты кийүү аземине бир нече айлар өтсө да, энеси каза болгондон кийин Елизавета IIнин уулу Чарльз падыша жана мамлекет башчысы болуп калды.

Падыша бүгүн түштөн кийин премьер-министр Лиз Трасс менен биринчи кабыл алуусун өткөрөт деп күтүлүүдө. Чарльз III Улуу Британиянын Геральдика палатасынын Төрагасы Эрл Маршал, Норфолктун 18-герцогу Эдвард Фитзалан-Ховард менен жолугушту. Ал бул урпактан урпакка калчу кызматты 2002-жылдан бери аркалап келет жана алдыдагы сөөк коюу иш-чараларына жооптуу. Алардын датасы азырынча белгисиз, бирок ушул жыйында аныкталышы мүмкүн.

Бүгүн, 9-сентябрда саат 18:00дө (Ташкент убактысы боюнча 22:00) Чарльз IIIнүн телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзү көрсөтүлүшү керек. Бул анын жаңы кызматтагы биринчи сөзү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости