www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия менен Атамбаевке окшоп тирешпей сөз табыш керек. Демирель деген Түркия президенти болгон, Кыргыз жергесине келип: “Кыргыздар 6 миллион эмес, биздин түрктөрдү кошкондо 60 миллиондон ашат” деп дүйнөгө жар салган. Учурда түрк боордошторбуз менен алака кылуунун ордуна Алмаз Бейшеналиевди көтөрмөлөп жатабыз. Ал Түркияда террордук уюм деп табылган Гюлен диний агымынын Кыргызстандагы көрүнүктүү жетекчилеринин бири. Аны Садыр Жапаров министр кылып чоң жаңылыштык кетирди. Себеби Түркия менен Кыргызстандын ортосунда билим берүү жаатында эң чоң долбоорлор бар. Кыргызстан-Түркия окуу жайларынын ортосунда Мевлана сыяктуу ири долбоорлор ишке ашып келген. Миңдеген кыргыз жаштары Түркияда акысыз окуп келишчү.

Андан сырткары Түркия өкмөтү тарабынан толук каржыланган Кыргыз-Түрк Манас университети да ушул өлкөнүн колдоосу менен иштеп келет. Эми бакыйган министрликке Гюлен агымынын кишисин министр кылганыбыз үчүн Түркия бизге тескери жүзүн бурбайт деп ким кепилдик берет? ТИКА сыяктуу уюмдардан келип жаткан млндогон каражаттар сарпталган долбоорлор токтойт. Түркия Кыргызстанга эшигин жабат. Өлкөбүз эл аралык катнашта чоң соккуга кабылат.

Балким Садыр Жапаров Алмаз Бейшеналиев боюнча бул маалыматтарды билбесе керек, билсе анда кечиргис катачылыкка жол койду. Түркияга окшогон негизги өнөктөш, кандаш мамлекеттер менен мамиленин үзүлүшү өлкөгө чоң зыян алып келет. Мындан сырткары дагы бир жагдай бар. Ошол Ф.Гюлен негиздеген Кыргызстандагы Себат мекемелери окуткан балдар билимдүү бирок мамлекетке күйбөгөн, мекенчилдик сезимдери жок балдарды тарбиялап жатпайбы. Себатты бүткөн балдар кыргызга кызмат кылайын дебей чет өлкөгө агылып кетип жатканы да чындык. Демек, Себат билим берүү уюмунда да идеологиялык бир мандем бар. Эми чет өлкөгө жаштарыбыздын колоннасын жиберип калбайбызбы деген суроо жаралбай койбойт экен.

Ошондуктан Гюлен диний агымынын жетекчилеринин бири Бейшеналиевдин билим берүү министри болушу эл аралык мамиледе да, балдардын билим алуусунда да чоң суроо жаратты, чоң жаңылыштыкка жол берилди.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости