www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага премьер-министр Садыр Жапаров катышууда.

«Мен түндө мыйзамдардын баарын карап чыктым. Бүгүнкү күнгө чейин мыйзам талаасынан чыкпайлы, мыйзамдуу жол менен кетели деп жатабыз.

Анан президенттик шайлоо да болуш керек. Кудай буюрса болот, аны консультация жүргүзүп, ушул же аркы жумада күнүн белгилейбиз. 10-январдан ары карай өтпөш керек экен, анткени 90 күндүн ичинде болуш керек.

Парламенттик шайлоо боюнча болсо, азырынча мен дагы бир мандаттуу дегенди туура эмес көрдүм. Анткени парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүш керек экен мыйзам боюнча. Эгерде биз аны өткөрбөй, конституциялык реформага барабыз десек, мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөй экенбиз.

Мисалы 3 пайызга чейин түшүрөлү деген сунуштар болуп жатат. Аны өзүңөр чечиңиздер. Бирок 3 пайыз ылдый болуп калат го деп ойлойм, 5 пайызга түшүрсө болот болуш керек. Бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулаган жокмун.

Андан кийин 5 млн сомдук күрөөнү 1 млн сомго чейин түшүрсөңүздөр деген сунушум бар. Анан 120 деген санды 70 же 90го түшүрүп коюп, ушул парламент келгенден кийин анан конституциялык реформага барсак туура болот экен. Ошондо мыйзам талаасынан чыкпайт экенбиз. Менин жеке оюм ушундай, эч кимге таңуулаган жокмун. Аны фракциялардын лидерлери, спикер менен отуруп, кеңешсек. Бир чечимге келгенден кийин анан парламенттик шайлоону дайындайлы», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости