www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул дем алыш күнү Жалал-Абад шаарында шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Азыр Жалал-Абадда саясий абал чыңалуунун чегине жетип калды. Бийликчил КСДП колундагы болгон күчүн согуш талаасына таштагандай таштап, бюджеттен айлык алып иштеп жаткандардын жамбашын жер жыттатпай шаарды алуу үчүн жүгүртүп айдап жүрөт. Бийликтин партиясын шаар мэри Салайдин Авазов баштап барып жатканынан эле болгон ресурстар ошол партияга иштээрине мисал болуп берет да.

Мэрияга караган башкармалыктарды жеке менчик ишканадай колдонуп, алардын жетекчилеринен баштап, жөнөкөй жумушчуларына чейин заардуу тил менен кууруп, “Бийликтин партиясы үчүн иштейсиңер” деп кутуруп жатканы шаар элинин кыжырдануусун кайнатып жаткан кез. Мектеп мугалимдерин “оптом” КСДПнын үгүт агитатору кылып алганы кайсыл мыйзамга сыят? Же бийликте кайсыл партия болсо ошонун айтканы орундалышы керекпи?

Токсондон ашып калган кары кемпир, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ден-соолугу начар болгону үчүн барса, дарыгери “Сиз КСДП партиясын колдобойт экенсиз, мен сизди карай албайм, ийне да сая албайбыз”, - деп жолго салыптыр. Кылымга тете өмүр сүргөн карыларды КСДПны колдобойсуз, ага добуш бербейт экенсиз деп көчөгө чыгарып салуу бийликчил партияга абийир алып келеби? Булар мындай өкүмзордугун токтотпосо, ызы-чуунун башаты Жалал-Абад болгону туру.

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости