www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште өткөн чакырылышта депутат болуп келген жаш Жоомарт Сапарбаев деген Ата Мекендин “торпедасы” бар эле. Бул чакырылышта деле алдыңкы тизме менен депутат болуп келип, бирок ордун нефтибарон Абдимухтар Маматов деген эл өкүлүнө бошотуп берген.

Ырасында Абдимухтар “Ата Мекен” партиясынын капчыгын кампайтканы менен партиянын лидери Текебаевдин башына кара булут айланып атканда ага баарыбир өңдүү. Ананчы, трибунаны өмүрү көрбөгөн Мама­тов эмне дей алат. Акчасы болгону менен ары жагы “көңдөй болгон” Маматовду көргөндө партиялаштары деле баш чайкап атса керек.

Болбосо “Ата Мекендин” саналуу депутаттары бирин сала бири сөз талашып, эки жакка ойноп ийген Сайдулла Нышанов деле акыл айтып  сүйлөй калат, а Абдимухтар акеден дайын жок.

Булак:”Айгай”

Последние новости