www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактануу чыгымдарынын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындан ары жетим балдар үйү, карылар үйү жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана адамдар баш калкалаган жайларда тамактанууга бюджеттен эки эсе көп каражат бөлүнөт. Тагыраак айтканда, буга чейин күнүнө бир адамга 110 сом каралса, эми ал 220 сомго көтөрүлөт. Муну менен катар министрлер кабинетине бир топ талаптар коюлду.

2022-жылдын 1-январынан баштап тамактануунун акчалай ченеми 100 пайызга көбөйтүлө турган жайлардагы жарандар:

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелериндеги балдардын, улгайган жарандардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын;

Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын;

Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялоо борборлорундагы (балдар үйлөрүндөгү) балдардын;

Ушул жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;

Өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

Эске салсак, мамлекет башчы ишемби күнү Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда бул боюнча тийиштүү тапшырманы берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости