www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда "Акыйкат жана өнүгүү" партиясы үчүн кол топтогон саясий активист, Навои облусунда дарыгер болуп иштеген Жавохир Хатавов күч түзүмдөрүнүн кысымына кабылганын билдирүүдө.

"Буга чейин мени жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө суракка чакырышкан. Бирок мен атайын чакыруу кагазы жок барбайм деп койгом. 30-ноябрда өздөрүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар жумушума келишти. Алар менден президенттик шайлоодо бюллетенге эмне деп жазганымды сурашты. Мен "Мага шайлооңор менен талапкерлериңер кызыксыз" деп жазганымды айттым. Добуш берүү жашыруун болуп, урнага мөөр басылганына карабастан, мени кантип таап келишкенине таң калып жатам", — деди Жавохир Хатамов.

Ал саясий ишмердүүлүгү үчүн кысымга кабылып жатканын билдирүүдө.

"Мага карата кысым "Акыйкат жана өнүгүү" партиясы үчүн кол топтой баштагандан бери токтобой келет. Буга чейин алар (күч түзүм кызматкерлери) жетекчилигиме айтып, соцтармактардагы билдирүүлөрүмдү да өчүртүшкөн", — деди Хатамов.

Быйыл июнь айында Өзбекстандын Юстиция министрлиги профессор Хидирназар Аллакулов түзгөн "Акыйкат жана өнүгүү" партиясын каттоого алуудан баш тарткан.

Өзбекстандагы саясий активисттер президенттик шайлоонун алдында башталган кысым менен куугунтуктоолор бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканын билдирип келишет.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өткөн. Оппозициялык талапкерлер катышпаган бул жарышта өлкөнүн азыркы башчысы Шавкат Мирзиёев добуштардын 80,1% алып, экинчи мөөнөткө шайланган.

Батыш өлкөлөрүнөн барган байкоочулар шайлоодо атаандаштык болбогонун билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости