www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Каржы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 7 410 504 сом которду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү Азаттыка кабарлады.

Ушуну менен жемкорлордон өндүрүлгөн акча үчүн ачылган эсепке бул кызмат которгон сумма жалпы 150 787 732 сомду түздү.

Финансы министрлигинин 16-августтагы маалыматына ылайык, коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 345 млн. 63,5 миң сом түшкөн. Буга Каржы полициясынан сырткары Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМК акча которушу керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бийлик мындай жол менен коррупция менен күрөштө ачык-айкындыкты камсыз кылууну көздөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости