www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews.kg сайтына "Түндүк-Түштүк жолундагы жемкордук: 1 кг цементти 75 сомдон сатып алышкан" деген темадагы макала жарык көргөн. Nazarnews.kg сайтындагы жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган Түндүк-Түштүк жолун куру долбоорунда 1 кг цемент 75 сомдон сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат тура эмес.

Келишимдин алкагында цемент боюнча өзүнчө баа каралган эмес. Цементтин наркы даяр бетон конструкциясынын жана буюмдарынын  1м3 көлөм баасына кирет. Бул баа төмөнкү материалдардын, кызматтардын жана чыгашалардын наркын камтыйт:

- заводдогу цементтин наркы (1M3 көлөм B30класстык бетонго орточо 450 кг цемент сарпталат);

- участоктон заводго ташуу наркы;

- шагыл, кум жана башка инерттик материалдардын баасы даяр материалга чейин бардык чыгымдарды кошкондо;

-Бетотондун  физикалык жана техникалык сапаттарын жакшыртуу үчүн атайын кошумчалардын наркы жана жеткирип берүү акысы менен;

- бетон түйүндө иштеген кызматкерлердин эмгек акысы, эксплуатация менен байланыштуу чыгымдар (электрэнергиясы, амортизация), салыктар жана башка бетон түйүнүндө бетон даярдоо боюнча чыгашалар;

- бетон түйүнүнөн бетон төшөөжерге чейин транспортировканын наркы;

- опалубканын наркы жана ага байланыштуу чыгымдар;

- бетон төшөөнүн наркы жана ага байланыштуу чыгымдар жана бетондон конструкцияларды жана буюмдарды куруугу чейин аны кароо боюнча чыгымдардын наркы;

- подрядчылардын кирешелери жана чыгымдары.

M500 D20 маркасындагы цемент Кызыл-Кыяшаарынан түштүк тарабы үчүн жана М400 D20 маркасындагы цемент Кант шаарынан түндүк тарабы үчүн ташылат, жана ар бир тарапта орнотулган дозировкалуу установка анткени материалдардын узак транспорттоосуна байланыштуу, жол шарттары жана дозировкалуу установканы орноштуруу менен байланыштуу, бетондун наркы кымбат болуп калат (жана кээбир учурларда, КыргызРеспубликасынын ишканаларында өндүрүлбөгөн M600 маркасындагы цемент Кытайдан ташылып келинет).

Белгилей кетсек, сайттарда чагылдырылган  5сомдук цемент жарандык курулушта колдонулат. Ошондуктан, мындай негизсиз, тура эмес маалымат, калкты жана социалдык тармактардын колдонуучуларын адаштырып, терс жана негативдүү пикирди мажбур кылат деп билдирди КРТжЖМ басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, “Фергана” сайты Кыргызстандагы Түндүк-Түштүк автомагистралындагы коррупциялык иштер тууралуу жазды. Иликтөө Кытайдын Борбор Азидагы инфраструктуралык долбоорлорунун дагы бир тарабын – элиталык коррупциянын бетин ачкан.

Долбоор үчүн мурунку жана министрлер Калыкбек Султанов менен Жамшитбек Калиловдор жоптуу болушкан. Калилов экс-премьер-министр Сапар Исаковдун алып келген кадры экендиги маалым. Документтер көрсөткөндөй, бул кызмат адамдары подрядчик CRBC компаниясы менен сүйлөшүп алып, инвестициянын бир бөлүгүн жеке капчыктарга буруп кетишкен. Бааларды бир нече эсе жогору жазышкан – 1 кг цемент 1,1 доллар (жергиликтүү базардагы баасы 0,07 доллар), курулуш аймагында инженер үчүн кеңсени ижаралоого 2000 долларды көрсөтүшкөн.

Атамбаевдин алты жылдык башкаруусунда бааларды мындай ашыра жазуу кеңири колдонуп келген. Буга окшогон асман чапчыган баалар 386 млн долларга турган Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунда да ачыкталган болчу – бухгалтердик документтерде аттиштин баасы 600 доллар, видеокамералар 14000 доллар, өрт өчүрүүчү баллон 1500 доллар деп көрсөтүлгөн. Парламенттик комиссия мындай жол менен ортодо 100 миллион доллар өөнөлүп кеткенин эсептеген. Бул коррупциялык иштерге байланыштуу экс-прмеьерлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков баштаган бир катар ири чиновниктер кармалышып, сурак берүүдө.

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу 433 чакырымды түзүп, аны курууга Кытайдан 850 млн доллар насыя алынган. Каражат Кытайдын өкмөтүнүн алдындагы ЭксИмБанкынан алынып, алардын талабы боюнча жол куруу иштерин кытайлык CRBC деп аталган корпорация ишке ашырууда.

Буга чейин Кытайдан алынган каражаттарга жана Кытай корпорациялары курган ири долбоорлор “Датка-Кемин” чубалгысынан (389 млн доллар, ТВЕА компаниясы курган), Бишкек ТЭЦинин модернизациялоодо (386 млн доллар, ТВЕА компаниясы курган) жүздөгөн миллион долларды чапчыган өтө ири суммадагы коррупциялык иштердин бети ачылган. Кытай бийлигинин атынан иш алып барган аталган компаниялардын өкүлдөрү кыргыз чиновниктеринин коррупциялык мүдөөлөрүн орундатып келишкен. Мунун айынан эки ортодо долбоорлор сапатсыз курулуп, алынган карыздар элдик казынаны оордотууга гана алып келгени маалым. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Кытайдан 1,7 млрд доллар ансыя алынган. Алардын дээрлик баары жемкорлук менен иштетилгени, өөнөлгөн акчаларды бийликтеги алдыңкы башкаруучулар жеке капчыктарына буруп кетишкени тергөө органдары тарабынан ачыкталып отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости