www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы республикалык патологиялык-анатомиялык бюронун (өлүккананын) кызматкерлери тарабынан опузалоо фактысы боюнча тергөө ишин баштады. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинде каралган кылмыштын негизинде КЖБРге катталды.
Белгилей кетсек, жарандар өлүккананын кызматкерлери каза болгондордун туугандарынан өлүктү сойбоо үчүн маркумдардын жакындарынан акча талап кылган деп билдиришкен. Белгилей кетсек, протоколго ылайык, бир катар учурларда, анын ичинде COVID-19 себебинен каза болгон учурда, өлүктү союу милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.
Булак: NazarNews.kg