www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 12-сентябрь күнү Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли Кыргыз Республикасына расмий иш-сапары менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жеке өзү тосуп алды.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев менен Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазлинин эки тараптуу жолугушуулары өттү.

Аталган жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелери менен аны мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Андан сырткары, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү улантуу менен кеңейтүү зарылдыгы бар экендиги айтылды. Тараптар кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү маанилүү маселелер боюнча бирдиктүү чечимдин маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуу учурунда Кашкар Джунушалиев укук коргоо чөйрөсүндө натыйжалуу эл аралык кызматташууну түзүүдө манилүү тапшырмалардан болуп, терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча иштер эсептелерин билдирди.

Ал өлкөлөр ортосундагы коопсуздук жана укук коргоо чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну бекемдөө керектигин баса белгиледи. Кыргызстандын ИИМ башчысы өлкөлөр ортосундагы коопсуздук жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөө керектигин айтты. Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев менен Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли өлкөлөр ортосунда коопсуздук жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө кызматташуу, терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңгизаттарды жана акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташууну, анын ичинен БУУнун баңги каражаттар жөнүндө Бирдиктүү конвенциясынын алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости