www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кашкар «Крысадай» качты?

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Кашкар Жунушалиевдин профессионал эмес экенин, милицияга, элге күйбөсүн нече эчен ирет жазган. Ишиндеги далай каталарын тастыктап келгенбиз. «Крысадай» качабы?» деп да суроо койгонбуз, - деп жазат «АЗИЯnews» гезити.

Ага кошумча: -- Жаңылбаптырбыз! Тилекке каршы, ал беттырмарлыгын көрсөтүп, бийлигине таянып, бир жарым жылдай соттоштук. Жогорку соттон аягында 300 миң сомго утулдук. Бул эң адилетсиз, мыйзамсыз чечим болгон! А элдин баары аягында күбө болушту: Кашкар Жунушалиев бир күндүк толкундоодо ИИМди таштап качып кетти. Адамдардын каны төгүлгөнү, өлгөнү, жарадар болгондору чыгууда. Өтө өкүнүчтүү! Коомчулукта зар какшап атышат. «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп», эми кайда безип жүрөт? Издегендер арбыдыбы?.. Баса, кеме чөгө электеги «крысанын» образы бекен? Эл астында олутгуу жоопкерчилиги турса керек, Кудай буюрса, күбө болобуз! – деп кошумчалаган «АЗИЯnews» гезити.

Последние новости