www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиев менен президенттин отставкасы тууралуу пикир алыштык.
- Каныбек агай, президент менен премьердин тиреши Сооронбай Жээнбековдун отставкасы менен аяктадыбы?
- Негизи мындай тирешүү эки жакка тең чоң кырсыкты алып келет. Бирок, бул жерде тирешүү деле жок! Садыр Жапаров президентке элдин талабын жеткирип жатты. Ал болсо улам маалкатып убакытты создуктурду. Мына кечээ парламент менен болгон митайымдык комбинацияны ишке ашырып жиберди! Бул - укмуш саясий "антишедевр" болду. Элди келесоо ойлоп үйрөнүп алышкан турбайбы. Ошондуктан элдин жаалы чыгып, жини кайнай баштады. От менен ойнобой президент туура чечим кабыл алды. Болбосо эл кууп чыгып, абал мындан да оорлошуп кетмек.
- Экөө ынтымакка келип иштей берсе болбойт беле?
- Президент шайлоону жакшы, адилет өткөрүшү керек эле. Бирок, анте албады. Көтөрүлүш ошонодон улам келип чыкты. Элдин лидери болуп бара жаткан Садыр Жапаров менен чогуу иштеше алмак эмес. Кырдаалды оорлотпой Сооронбай Жээнбеков арызын жазып берип, туура кадамга барды. Экс-президент наамына ээ болуп алып, тынч өмүр сүрсүн.
- Жапыкеев менен Шыкмаматовго аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду деген кеп кетти. Шыкмаматов болсо, "бул буйруктун артында президент турат. 6-октябрдагы окуяны элдин шайлоого болгон нааразычылыгы эмес, басып алуу деп эсептеп, өздөрүнүн күнөөлөрүн сезе элек экен" деген оюн айтты го. Буга не дейсиз?
- Мен Алманбет мырзанын пикирине кошулам. Расмий бийлик парламенттик шайлоону булганычтуу жол менен өткөргөндүгүнөн улам көтөрүлүш чыкты. Ал эми тиги экөөнө иш козгоо - бул Садыр Жапаровдун бийлигине болгон чабуул. Аны баары эле түшүнүп турушат.
- Президент кетти. Эми эл тартипке келип, стабилдүүлүктү сактайбы?
- Азыр элди бир гана катуу тартип менен адилет чечим ынандырат. Буга чейин эч кимиси аны камсыз кылышкан жок. Ошондуктан Садыр Жапаровго үмүт артып турушат. Буюрса, стабилдүүлүк сакталат деп үмүт кылам.
- Эми өлкөнү ким башкарат? Спикерби же премьерби?
- Конституция боюнча спикер президенттин милдетин аткаруучу болот. Ал баш тартса, бул милдет премьер-министрге өтөт. Өлкө башчысыз калбайт. Башка маселе моралдык сапаттар жана талаптар, башкача айтканда, эл кимисин кабыл алат? Кечээги эле ыплас парламенттик шайлоону эске алсак, депутаттардын кадыр-баркы элде кымындай дагы калбады. Суроо өзүнөн-өзү эле түшүнүктүү болуп жатат!
Булак: NazarNews.kg