www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги митингчилерди ташууга шаардык ишкананын тиешеси жок. Бул тууралуу 15-октябрда борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, аларга митингге чыккан адамдарды шаардын жүргүнчү ташуучу автобустары тейлеп жатканы тууралуу арыз-даттануулар түшкөн.

Шаар башкармалыгы буга байланыштуу расмий сайтына билдирүү жарыялап, ал автобустардын “Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасына тиешеси жоктугун, митингчилер тууралуу тарап жаткан сүрөт жана видеолордогу автобустар “Шыдыр Жол KG” компаниясына таандык экенин маалымдады.

Мэрия кошумчалагандай, бул компания шаардагы №35 автобустук маршрутту тейлейт.

“Шыдыр Жол KG” компаниясына байланыштуу бир жыл мурда чыр чыккан. Ага, мэрия билдиргендей, №5 каттам бөлүнүп берилген, бирок ишкана милдетин аткара албай койгондуктан маршрут жабылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясынан кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат. Негизги окуялар Бишкекте болууда. Бир нече күндөн бери борбор калаада митингдер токтобой жатат. Интернетте көк түстөгү эки чоң автобус митингчилерди Эски аянтка ташып келип, кайра алып кетип жатканы тууралуу сүрөттөр жана видеолор тараган. 15-октябрда ошол эле автобустар митинг өткөн “Ысык-Көл” мейманканасынын жанында да көрүндү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости