www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жээнбеков Жапаровго «үч күндөн кийин кетем» деп айткан эмес». Бул тууралуу пикирин бүгүн, 15-октябрда NazarNews.kg маалымат агенттигине Кыргызстандын малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров билдирди.
Ага кошумча:- Сооронбай Жээнбековдун кызматтан парламенттик шайлоо өткөндөн кийин кетет деген сөздөр болгон. Өкмөт башчы Садыр Жапаровго, Сооронбай Жээнбеков «үч күндөн кийин кетем» деп айткан эмес. Жээнбеков өзү президенттик шайлоо дайындалган соң кызматтан кетерин билдиргени тууралуу маалымат тараган. Биз эки тарапты беттештирүүгө барганда Садыр Жапаров келген жок, бир жарым саат олтуруп кетип калдым. Мени менен бир катар белгилүү сасяатчылар барган. Эми Кыргызстанда кыргыз вариантында дагы бийлик алмашты. Азыр С.Жээнбеков элдин каны төгулбөсүн деп кызматтан кетти. Жээнбековдун бул кадамы туура же туура эмес аны тарых таразалайт. Аксакалдык милдетимди кылып, болгон саясатчылар менен жолуктум. Эң башкысы Кыргызстанда кан төгүлгөн жок. Эми Садыр Жапаровго кайрылам, эми айткан сөздөрүңө тур. Элдин үстүндө кара туман – пандемия турат. Эми кайра шайлоо эмес, жаңы шайлоо системасын алып кел. Кен байлыктарга кыргыз мамлекетинин үлүшү аныкталышы керек, - деди Кыргызстандын малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.
Кыргызстандын малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун КР Өкмөт башчысы Садыр Жапаровго Кайрылуусу төмөнкү тасмада толугу менен:
Булак: NazarNews.kg