www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кашкар мырзага кулак кагыш!

Эзелтен бери эле “Менин милициям мени коргойт” деген түшүнүк элибизде калыптанып калган эле. Негедир акыркы он-он беш жылдан бери бул түшүнүк жокко чыгып бараткандай. Мындай болушунун бирден-бир себеби болуп, укук коргоо органдарында кой терисин жамынган карышкырлардын пайда болушу эсептелет. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” демекчи, кой сымал “карышкырлар” бул системаны иритип-чиритип, таш-талканын чыгарганы калды. Ушундай өз ишин билбеген шылуундардын айынан эзелтен келе жаткан “менин мили­циям мени коргойт” түшүнүгү, менин милициям мени кордойт болуп өзгөрдү. Албетте милициянын баары эле чирик кумалак эмес дечи, би­рок ошол кумалактардын системада азайбай көбөйүп жатышы тынчсыздандырат. “Крышаң болсо, крыса бол” деп төш каккан кызматкерлерден тазаланчу убак келди. Качанкыга чейин ИИМ системасьша көө жапкан карөзгөй шылуундарды кармап олтурасыз Кашкар Астаканович?! Эми биз сөз кылчу ачендик Талас районунун башчысы Болот Өмүралиев, Акыркы жылдары бул жигиттин артынан жакшы сөз ээрчибей калды.

Колдогон кожосу күчтүүбү же дагы башка себеби барбы ким билсин, айтор артынан айтылган сөздөр арбын. Кечээ жакында эле “Жерүй” кенинен Талас райондук ИИБин оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттан кымырьш, куруучуларга баш-көз болсун деп, өзүнүн жакын инисин про­раб кылып алганы чынбы? Андан тышкары кызматтан кеткен кызматкерлердин айлык маяна алып жүргөн карточкаларын алып калып, кет­кен кызматкерлердин карточкасына акча которуп, каалагандай калчап пайдаланып жүргөнүн тана алабы? Же колдогон кожосу күчтүү болсо эле ушундай алешемдиктерге жол бериле береби? Колдогон кожосу демекчи, колдоочусу кадимки акыркы күндөрү отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров дешет. Кожосунун да кылыктары акыркы күндөрү калкып чыга баштады. Экөө ээрчишип алып “ардактуу” эс алууну эңсеп калышкан го сыягы. Болот Өмүралиевдин ишмердигин иликтеп баштадык. Бул ээн баш ачендиктен жана анын кызматкерлеринен запкы жегендер четтен чыкчудай.

Булак: "Фабула"

Последние новости