www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, бүгүн, 15-майда эртең менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Бекешов тымызын ЖЭБдин директору Андрей Варапаевдин кабинетинде 5 саат өз ара жабык эшик артында сүйлөшүү жүргүзгөн. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди.

Айтымына караганда Дастанбек Бекешов менен ЖЭБдин директору кабылдамасына эч кимди киргизбей 5 саат сүйлөшүшкөн. Эки үлкөн эмнелерди талкуу кылганы азырынча белгисиз.

Кызыгы, ЖЭБдин директорунун кабинетинде 5 саат олтурган депутат Бекешов ага кайсы теманы окутуп, эмнени үйрөттү болду экен... Мүмкүн ЖК депутаты Дастан Бекешов “эркекчиликке” алып, 5 саат кетирген убактын ачыкка чыгарар.

Алсак авария учурунда депутаттык комиссия көзөмөл кылуу үчүн ЖЭБде 1 саат 45 минута болгон. Алар 1 саатын ЖЭБдин авариялык абалын текшерсе, 45 минутасын жабык эшик артында эт жеп, сый тамак ичип кетишкен.

Баса, бүгүнкү күндө ЖЭБ боюнча КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин орун басары Сапар Исаков, ошондой эле КСДПнын депутаты Осмонбек Артыкбаевге кылмыш иши козголуп, тагдыры бычактын мизинде турганда, Дастан мырзанын ЖЭБдин эшигин каккылаганын кандай түшүнсөк болот...

Учурда коомчулукта 5 айдан бери актуалдуулугун жоготпой келе жаткан 600 долларлык аттиштин баасын эле тийиштүү органдар ушунча убакыт тергесе, Сапар Исаков айткан тизмелер ачыкка чыгып кете турган болсо, жаңы абак салдырганга туура келеби?   

Эске сала кетсек, ушул жылдын 26-январда ЖЭБ жарылып, тийиштүү органдар эмес, кыш мезгили Кыргызстандагы "чоң уурулардын" айыбын ачты. Демек, 26-январды мындан ары, "жемкорлордун бети ачылган күнү", деп белгилесек болот...

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости