www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголуп же козголбогонун сурады.
Буга башкы прокурор Курманкул Зулушев жооп берип, жеке өзүлөрүнө карата иш козголбогонун, бирок октябрь окуясы боюнча ачылган өндүрүштүн алкагында тергелип, аларга юридикалык баа берилерин айтты.
Ал эми УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сагын Самидин уулу "атайын каражаттарды колдонуу мыйзамдуулугу" боюнча бир иш козголуп, ошонун негизинде кызматтык адамдар тергелип жатканын билдирди.
Мындан улам Момбеков бир адамдын өлүмүнө, канчалаган кишинин жаракат алышына кимдир бирөө жооп бериши керектигин белгилеп, Жунушалиев менен Опумбаев учурда Москвада жүргөнүн айтты.
Азырынча эч бир кызмат адамына айыбын угуза элекпиз. Тергөө жыйынтыкталганда маалымат беребиз. Ал адамдын өлүмүнүн себебин изилдеп жатабыз. Кулак тундуруучу гранатадан каза болдубу, ал каражат каяктан келип тийди, далилдешибиз керек", - деди Самидин уулу.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда Жунушалиев менен Опумбаев изделип жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg