www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору К.А. Жунушалиев Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын жана ИИМдин Ош шаарындагы башкы башкармалыктарынын жана кызматтарынын жетекчилеринин, ошондой эле ички иштер органдарынын ардагерлеринин катышуусундагы жыйынга катышты. Бул тууралуу КРдин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Ош шаарына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атайын тапшырмасына ылайык жумуш сапары менен келгендигин жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өлкө башчысынын, ИИМдин коллегиясынын чечимдеринин тапшырмаларынын аткарылышын жеринде көзөмөлдөө максатында келгендигин айтып, учурда өлкөбүздө болуп жаткан укуктук-соттук реформалардын максаты, аткарылып жаткан иштер, аларды жүзөгө ашыруудагы көйгөйлөргө токтолду. 

Коомчулук тарабынан милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштары оң бааланып жаткандыгын белгилеп өттү. 

Мындан ары дагы коомдук коопсуздукту сактоодо милиция кызматкерлеринин ар дайым кыраакы болууга чакырды. Өзгөчө уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө мыйзам талаптары так, убагында аткаруусун талап кылды. 

Жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жөнүндөгү Мыйзамдын алкагында  милиция кызматкерлеринин айлык акылары  байкалаарлык көтөрүлгөндүгүнө жараша ар бир милиция кызматкери дагы өзгөчө жоопкерчилик менен иштөөсү зарыл экендигин белгиледи. Укук коргоо органдарынан кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту бекем сактоону эскертти. “Мыйзам менен тартипти өзү бузуп жүргөн милиция кызматкерлерине катарыбыздан орун жок. Андай кызматкерлерди жаап-жашырбастан тез арада алардан арылуу керектигин” билдирди.

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев  жыйын соңунда ИИОнун ардагерлеринин жана жыйындын катышуучуларынын  суролоруна жооп берди, ошол эле кезде кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо бирдиктүү аракеттерди күчөтүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости