www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кластерлерди өнүктүрүү үчүн күчүбуздү бириктирүү менен биз аймактардын өнүгүшүнө түрткү беребиз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Экономиканын түрдүү тармактарындагы кластерлерди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушкан учурда билдирди. 

«Аймактарды өнүктүрүү тууралуу көптөн бери айтылып келе жатат жана бул багытта жакшы натыйжалар бар. Аймактарды өнүктүрүү тууралуу айтуу менен бул жерде кеп баарынан биринчи кезекте ишкерликти өнүктүрүү жөнүндө болуп жатканын жакшы түшүнөбүз. Азыр чакан жана орто ишкерликке колдоо болмоюнча өнүгүү мүмкүн эмес. Акыркы жылдары ишкерлердин иштөө шарттарын кыйла жеңилдеткен бир нече ченемдик-укуктук актылар кабыл алынды. Бирок аларды колдоо максатында артыкчылыктарды берүү жетиштүү эмес. Аймактарда кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү ата мекендик экономиканы өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. Кластерлерди өнүктүрүү жана андан максималдуу түрдө пайда алуу боюнча пландарыбызды ишке ашырууга убакыт келди», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кластерлерди түзүү үчүн кыйла келечектүү багыттарды санады. 

«Айыл чарбасы жана кайра иштетүү артыкчылыктуу багыттардан болуп саналары талашсыз. Бул эт жана эт азыктары, сүт жана сүт азыктары, балык чарбалары, аарычылык, интенсивдүү багбанчылык өндүрүшү. Жеңил өнөр жай тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү болгон тигүү кластерин өнүктүрүү милдети турат. Туристтик кластерди өнүктүрүү менен биз утуш алабыз, анткени биздин өлкө сырдуулугу менен туристтердин кызыгуусун арттырат. Анан да дарыялар жана тоолор көп болгондуктан, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү жөнүндө көптөн бери айтып келе жатабыз. Бул бардык мүмкүнчүлүктөрдүн толук тизмеси эмес, түзүлгөн Координациялык кеңеш ушунун үстүндө иштеш керек»,- деди Өкмөт башчы.  

Премьер-министр кластердик мамилени өнүктүрүү үчүн экономикада каржылык институттар менен бийлик биригүүдө, бул ишкерликти колдоо үчүн маанилүү аспектилердин бири болуп саналарын айтты. 

«Өкмөт бизнести колдоону күчөтүүнү мындан ары да уланта бермекчи. Мисалы, жакында эле кошумча нарк чынжырчасын жана албетте, бүгүн айтылып жаткан тема -  айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган «Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасы ишке киргизилди», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушууда тараптар бирлешкен эксперттик, маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк жөнүндө, ошондой эле кластердик мамиленин негизинде долбоорлорду өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын натыйжаларын мындан ары да колдонуу жөнүндө келишимдин алкагындагы Меморандумга кол коюшту. 

Премьер-министр алдыда турган биргелешкен иштерди белгилөө менен, жолугушуунун бардык катышуучуларын конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган жигердүү позицияны ээлөөгө чакырды. 

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын экономикасында кластерлерди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешке Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана суу чарба министрлиги, "Кепилдик Фонд" жана "BT Инновэйшнс»", "РСК Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААК кирди.

Последние новости