www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик эми логистикалык борборду Алай тарапка салабы?

Ат-Башы эли бийликке логистикалык борборду курдурбай койгону кыргыз элине азырынча чоӊ жеӊиш болуп жаткандай сезилүүдө. Бирок бийлик андай логистикалык борборду түндүккө болбосо, түштүк тарапка салууну көздөп жатканы айтыла баштады. Маселен, Алай өрөөнү Кытай  менен чектешет.

Ал тургай Кытай менен соода- сатык үчүн  салынган  Эркеч-Там (Иркечтам) деген айтылуу жол бар эмеспи. Айтылуу ал жол логистикалык борбордун иштешине толук шарт түзүп коюшу мүмкүн.

Бирок бул азырынча божомол  дей туралы. Жакын арада бул маселе козголуп калса таӊ калуунун кажети жоктур. Кандай болгон учурда да Алай эли да намыстуу. Андай пайдасынан зыяны көп боло турган борборду Алай өрөөнүнө салдыра койбостур.

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости