www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Деңиздин ары жагындагы Кувейт мамлекетинде маникюр жана педикюр мастери болуп эмгектенген 29 жаштагы кыргыз кызы, Нурзаада Чортекова  NazarNews маалымат агенттигине маек куруп берди.

--Саламатсызбы, алгач Кувейт мамлекети жөнүндө кыскача айтып бериңизчи?

Кувейт мамлекети административдик 6 районго бөлүнөт. Мен Эль-Джахра районунда жашайм жана иштейм. Климаты тропикалык кургак келет.  Азыркы убакта абанын температурасы + 17 градус болуп жатат.  Официалдуу түрдө тили араб жана англис тили. Бирок Эль -Джахра районунда калктын 80% араб тилинде сүйлөшөт.

--Кыргызстанды  жергиликтүү тургундар билет бекен?

Буга чейин мен иштеген салонго кыргыздардан эч бири иштебептир. Жаңы келгенде мени баардыгы таң калуу менен карашты. Анткени, кыргыздар жөнүндө жана Кыргызстан деген өлкө бар экенин билишпейт экен. Мен алар үчүн чоң жаңылык болдум окшойт.

Салонго келген кардарлар мени мусулмансынбы же христиансынбы деп  таң калуу менен сурашат. Мусулманмын десем, кээ бири “Маш аллах”- деп сүйүнүп калса, кээ бири намаз окуйсуңбу, абая (хиджаб) кийеби силерде деп сурап киришет.

Өткөндө китеп окуп олтурсам, чогуу иштешкен кызым сен мусулманмын дебедиң беле же христиансынбы дейт. Мен жок мусулманмын десем, анан эмне библия окуп атасын дейт. Бул библия эмес, бул жөн гана бир аял жөнүндө чыгарма десем, ал мага ишенбегендей карап, кетип баратып китептин сыртын карап-карап кетип калды.

Көпчүлүгү Кыргызстанды билбегендиктен, Пакистанга жакынбы, Афганистангабы, Ираккабы дей беришет.

Болгону эки клиент гана Кыргызстанды билет экен. Бирөөсү биздин желекти көрсөтүп, сенин өлкөң деп жылмайып койду. Ал эми, экинчиси сен мусулмансың деген.

--Иштеген салонуңуз жөнүндө айтып берсеңиз, ким болуп эмгектенесиз?

Мен иштеген салон “Риши Балас” деп аталат.  Салондо жалпысынан 30га жакын адам эмгектенет. Алар: индустар, арабтар, филиппин улуттундагы кыздар жана 2 кыргыз кызы бар. Аталган салон 12 жылдан бери иштеп келе жатыптыр. Бул салонго контракттын негизинде 1 жылга келгем. Мен бул жакта маникюр жана педикюр мастери болуп эмгектенем. --Кувейт мамлекинин сулуулук индустриясы кандай өнүгүптүр?

Негизинен Кувейт мамлекети  укмуш өнүккөнү менен сулуулук индустриясы жакшы өнүгө элек экен. Араб аялдары өздөрүн жакшы карашпайт. Буттарынын, колдорунун тырмактары өскөн, согончокторун чор баскан боюнча салонго келишет. Бул нереседен уялышпайт десем болот.

Салондо Кыргызстандагыдай шарт жок, таптакыр башкача материалдарды колдонушат. Келгенде көнө албай кыйналдым. Биз колдонуп жүргөн “шеллак” алигиче Кувейтке жете элек. Мурун тырмактарды узартуу максатында бир колдонуучу тырмактарды сатып алып, чаптап койчу элекко, ушул нерсе азыркыга чейин Кувейтте сакталып калган.

Кардарлар биз колдонгон “шеллакты” көрүп кызыгып, таң калышат. Ушундай кылып жасап берейинби десем кылдырышпайт. Анткени, алар жөнөкөй  “лак” менен эле 2-3 күн жүрүп, кайра башка менен боётконду жактырышат экен.  --Айлык акыңыз канча, жергиликтүү тургундардыкынан аз эмеспи ?

Канча айлык аларыбыз тууралуу чогуу иштешкендер арасында бири-бирибизге айтпайбыз. Бир жолу филиппин кызы айлык акың  канча деп сураганынан айтып койсом, мага атандашып ыйлаган. Көрсө, алардын айлыгы кыргыздардыкына салыштырмалуу 40% аз экен.

Меники 250 кд болсо, ал кыздыкы болгону 190 кд экен. Бирок мен билген эмесмин, ал ушунча аз айлыкка келип алганын. Болбосо, ал деле өз өлкөсүнөн биздикиндей контракттын негизинде келген.

--Арабдардын кыз келиндеринин баардыгы тең хиджаб кийип жүрүшкөнүн көрөбүз, алар дагы боёнушабы?

Ооба алар деле каштарын тердиришет, хна менен боётушат. Татуаж,   татуировка кылдыргандар бар экен,  ишенбей сурасам чын эле татуировка дешти. Араб аялдарынын көпчүлүгү кара түстөгү хиджаб кийип, беттерип көрсөтүшпөйт. Бирок, алар кадимки эле биздин айымдардай  боёнуп, чачтарын жасатышып, заманбап кийинип жүрүшөт. Алар жылтыратып боёнгонду жактырышат. Болгону салондон чыгаар маалында, үстүлөрүндөгү кара хиджабын кийип алып кетип калышат.  

--Ишиңизге ийгилик, маегиңизге рахмат!

 Айзат Эмилова, Булак: NazarNews.kg

Последние новости