www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри иш сапары менен Тажикистан Республикасына барган. Аталган иш сапардын алкагында ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Тажикистан Республикасынын ички иштер министри Рахимзода Рамазон менен жолугуп, эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматташуусу тууралуу бир катар маселелерди талкуулашкан.
Жогорудагы иш-сапардын алкагында бүгүн 29-ноябрь күнү Тажикистан Республикасынын Дүшанбе шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору, юстициянын генерал-лейтенанты Шерхон Салимзода жолугушту.
Жолугушуунун эң негизги максаты Кыргызстандын ИИМдин башчысы менен Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюу болду.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министири Кашкар Джунушалиев эки өлкө үчүн жогорудагы макулдашууга кол коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Аталган чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен биз Дүшанбе шаарына Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору менен баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюга келгенбиз. Бул биз үчүн маанилүү мезгил. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМи баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча республиканын улуттук тескөөчү орган болуп саналгандыктан Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Бангизаттарды көзөмөлдөө агенттиги жана башка эл аралык уюмдар, башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Ушуга байланыштуу, биз Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги менен кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөөгө кызыктарбыз”-деди Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев.
Ошондой эле чогулгандардын алдында Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев сөз сүйлөп, эл аралык баңги кылмыштуулугу тарабынан “акыл-эске таасир этүүчү жаңы каражаттардын” жүргүртүлүшү, жогорудагыдай каражаттардын пайда болгону менен баңгизаттардын тизмесине кире электигин жана эл аралык бангикылмыштуулук аймактык жана улуттук деңгээлде синтездеп жана жайылтып жаткандыгы кабатырланып, бул багытта мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнун жаңы этабы келгендигин баса белгиледи
“Баңгизаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө багытталган Баңги кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү, аларга каршы тиешелүү чараларды көрүү боюнча бүгүн биз Кыргызстан менен Таджикистандын элинин кызыкчылыгы үчүн бирдиктүү ишти жакшыртуучу макулдашууга кол коебуз жана ишке ашырабыз, деди Кашкар Джунушалиев.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигин тайрыйбасы мол экендигин жана биздин өлкөлөрдүн Афганистан менен географиялык жактан жакындыгы бардыгын эске алуу менен баңгитрафик жолуна бөгөт коюуга, бирдиктүү ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө, маалымат, тажрыйба жана ченемдик-укуктук актылар менен бөлүшүүгө багытталган аталган Макулдашуу биздин кийинки кызматташуубуздун денгээлин көтөрөт”-деп Кашкар Джунушалиев белгиледи.
Жолугушуунун аягында тараптар Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Макулдашуунун негизги максаты эки тараптуу кызматташуунун сапатын жогорулатуу, банги кылмыштарына байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүүдө биргелешкен иш аракеттерди тынымсыз жүргүзүүгө багытталды. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев иш сапардын алкагында Тажикистан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кинологиялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Булак: NazarNews.kg