www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кассада олтурган кызды калькулятор менен чапкан кишиге карата Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөргөн.

«Биздин чыдам кетип баратат, Орусиядагы эмгек мигранттарынын санын кыскартууну жана экономикалык байланышты басаңдатууну талап кылабыз», — деп айтылат анда.

Жириновский Бишкекте болгон окуядан улам Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алып, бардык соода-алаканы токтотууну жана эмгек мигранттарын депортация кылууну талап кылган.

Эске салсак, 2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жиберген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости